түш жоруу
Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека СааданбековаКыргыз адабиятындагы түш жоруу мисалдары
Кыргызча түш жоруудагы айтыла жүргөн кеңештер: түшкө эмнелер гана кирбейт, көргөн түштүн баарына эле маани бербөөгө чакырат. "Түшүң түлкүнүн богу", "душман не дебейт, түшкө не кирбейт" макалдары менен туюнтат. Түштү кандай жоруса ошого жараша болот. Ошондуктан көргөн түштү башкаларга айтып жорута бербеш керек. Ичиңден жакшылыкка жоруп кой дейт.
Жусуп Баласагын "Кут Билим" дастаны
"Акдилмиш Өткүрмүшкө түш жоруу туурасында"
Жооп берди Акдилмиш: «Ушул түшүң,
Эң сонун, жолдуу экен өзүң үчүн!
Кандайча жаман ойго дитиң барды,
Жоруш керек түшүңдү кайра жаңы!
Учкандыгың көкөлөп — атак делет,
Бийик учсаң, атагың бийик келет.
Толугу менен bizdin.kg сайтынан окуңуз
Түш жоруучуларга кандай мамиле керектиги
Дагы бир билгирлер бар — түш жоруучу,
Көргөн түштү так жоруп айтат ушу.
Түш көрөт уктаганда, көргөн түшүң,
Туш келет, так сүйлөсө жоруур кишиң.
Түш жоручу жоруса жакшылыкка,
Жолуң болуп, кубаныч келет сага.
Эгерде көргөн түшүң болсо жаман,
Ырымдап дүнүйө чач — сооп саган.
Толугу менен bizdin.kg сайтынан окуңуз
Кээде киши өзгөчө, табышмактуу түш көрүп аны туура жорууга же билген киши жорутууга аракет кылат. Мындай түштөрдү аяндуу же кереметтүү түш деп коет. Кыргыз фольклорунда жолуккан кереметтүү түштөргө кайрылып көрөлү:
«Манас» эпосунда кереметтүү түшкө кеңири орун берилет. Мисалы, Манас баатыр төрөлөрдө көргөн кереметтүү түш өзүнчө баян болуп берилет.
Сагымбай Орозбаковдун вариантында кереметтүү түш жомоктук-фантастикалык мотивдер менен кеңири, көркөм сүрөттөлөт. Баласы жок Жакып зарланып, мазар кыдырып жүрөт. Жакып, анын байбичелери Чыйырды, Бакдөөлөт түш көрүшөт. Чыйырдынын түшүнө «алтымыш кулач ажыдаар», Жакыптын түшүнө бөтөнчө куш кирет:
Асмандагы канаттуу
Айбатынан уча албай,
Жерде жүргөн аяктуу
Желип чыгып кача албай (Сагымбай Орозбаков, 1. 47).